• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Студенттин бир жылдык чыгашасы канча турат?

4-str

👁 1,939

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда жогорку кесиптик билим берүүчү мекемелердин – университеттердин саны 50. Ал эми орто кесиптик билим берүүчү мекемелердин саны 139. Жогорку окуу жайында билим алган студенттердин саны 162 миңден ашса, орто билим берүү мекемелерде окуган студенттердин саны 90 миңден ашуун. “Экономика” гезити бир окуу жылында же 10 айда бир студенттин жашоосуна канча каражат сарпталарын орточо баалар менен эсептеп көрдү.

Айтмакчы, бюджеттик жана келишимдик негизде окуган студенттердин чыгымдарында айырмачылык бар. Келишимдик түрдө окугандар жалпы студенттердин 84 пайызын түзөт. 

Биз эсептөөбүз реалдуу болушу үчүн Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин студентин алып, анын бир окуу жылында канча каражат сарптай турганын сурадык.

Маселен, студент бир жылдык окуу келишими үчүн 32 миң сом төлөйт. Жатакана үчүн 10 миң сом. Айылдан апта сайын келген тамак-аш азыгын эсептебегенде, тамак-ашы үчүн 7000 сом, кийим-кече, окуу куралы үчүн 27000 сом, ксерокөчүрмө сыяктуу компьютердик кызматтарды колдонуусу үчүн 1200 сом, андан сырткары жол акы, көңүл ачуу сыяктуу майда чыгымдары үчүн 4500 сом сарптай турганын айтты. Натыйжада бир студенттин жогорку билим алуусу үчүн бир жылда 100 миң сомго жакын сом талап кылынары аныкталды.

Бул жогорку окуу жайында билим алган студенттин бир жылдык чыгашасы. Ал эми орто билим берүүчү мекемелерде бул көрсөткүч мындан азыраак. Анткени, келишимдик акынын көлөмү университеттерге караганда аз. Кесиптик лицейлер бюджеттик негизде окутуп, жатакана менен камсыздайт.

Эми орточо эсеп менен студенттер үчүн керектүү болгон муктаждыктарга канча каражат сарпталарын эсептеп көрөлү.

Кийим-кече

Бир жолку кийинүүгө балдар үчүн 4500, кыздар үчүн 6000 сом. Балдар жазында жана күзүндө бир жолудан кийим жаңыртса, 9000 сом, кыздар эки жолудан жаңыртууга жетишет, баасы 20 миң сомдон ашат.

Кышкы кийим үчүн балдар 6000 сом сарптаса, кыздардын чыгымы 7000 сомго чамалайт.

Ошондо бир окуу жылында кийим-кече үчүн кеткен каражат балдар үчүн 15 миң сомдун тегерегинде болсо, кыздардын чыгымы 30 миңге жетип, жетпейт.

Окуу куралы

Окуу куралы үчүн болжол менен жылына 2000 сомго жакын каражат кетет.

Жол кире

Университетке барып келүү үчүн автобус менен 16 сом, он айда 5000 сомго жакын, маршруттук такси 20 сом, он айда 6000 сом, троллейбус 16 сом, он айда 4800 сом кетет. Айрым учурда такси кызматын колдонгон жана окуу жайга түз каттам жок болсо, бул сумма эки эсе кымбат болот.

Жатакана

Студенттер үчүн окуу жайдын жаткана акысы он айга 10 миң сомдон баштап 12 миң сомго чейин.

Батир жер үйлөр көп кабаттуу үйлөргө караганда арзаныраак. Жер үй үчүн киши башына орточо 2000 сомго чейин болсо (он айда 20 миң сом), көп кабаттуу үйлөрдө киши башына 3000 сом (он айда 30 миң сом).

Эгерде студент туугандарынын үйүндө жашаса, мынчалык каражат сарптабайт.

Тамак-аш

Студент бир күндүк тамак-ашына орто эсеп менен 150 сом керектесе, он айда 45 миң сом болот. Жакындарынын үйүндө жашаган студенттер түшкү тамагы үчүн болжол менен 60 сом сарптаса, он айда 18 миң сомго жетет. Бул эсептөөдө студентке үйүнөн келген тамак-аш продуктылары кошулган жок.

Башка чыгымдар

Телефонго сүйлөшүү, интернет үчүн бирдик айына орто эсеп менен 500 сом.

Интернет-клуб айына 300 сом.

Көңүл ачуу – бул студенттин капчыгына байланыштуу. Айрым студенттер көңүл ачуу үчүн бир айда 2000 сомго чейин каражат сарптаса, капчыгы калың студенттер бир жумада эле 2000 сом чыгымдайт.

Жалпы чыгым

Бир студенттин кийим-кече, тамак-аш, жатакана акысы, окуу куралы, жол акы жана башка күнүмдүк чыгымдарын кошуп эсептегенде жылдык чыгымы 130 миңден ашты. Мында студенттин бир жылдык окуу акысы кошулган жок. Эгерде бюджеттик негизде окуса, сумма өзгөрүүсүз калат. Стипендия алган студенттер үчүн жогоруда саналган чыгым азайышы мүмкүн. Келишимдик негизде окуган студенттин чыгымы келишим акысына жараша көбөйөт.

Айтмакчы, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында келишим акысынын эң төмөнү 26 миң сомдон башталат.

Бир жылда канча каражат сарптайсыз?

Биз Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларда окуган айрым студенттердин оюн билүүгө аракет кылдык.

Акылай Жусупова, 4-курстун студенти:

Мени биринчи жана экинчи курсумда ата-энем камсыздады. Бир жылда канча каражат короторумду эсептеп чыкпаптырмын. Үчүнчү курстан баштап өзүм сабактан сырткары учурда иштегендиктен, ата-энемден акча сурабай калдым. Алар болгону окуумдун келишим акысын төлөп беришет. Суммасы 28 миң сом. Өзүм иштеп айына 10 миң сомго жакын айлык алам. Бул менин баскан турганыма, кийим-кече, батириме кеңири жетет.

Мээрим Канатова, 2-курстун студенти:

Менин бир жылдагы окуумдун келишим акысы 30 миң сом. Жатакана, тамак-ашка, коммуналдык төлөмгө акча сарптабайм. Туугандарымдын үйүндө турам. Күнүнө орто эсеп менен жүз сомдой акча сарптайм. Кийим-кече алганда көбүрөөк кетип калат.

Рахима Жусупова, 1-курстун студенти:

Мен туугандарымдын үйүндө турам. Тамак-аш, батирге төлөбөйм. Жол кире, кийим-кече, башка чыгымдарды кошкондо айына орто эсеп менен 7000 сом керектейм. Өзүм бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенип, буюртма алгандыктан, майда-барат чыгымдарымды жабат. Окуумдун акысы 28 миң сом, ата-энем берет. Студенттик доордун алгачкы жылы 100 миңдей каражат сарптадым.

Жанболот Калыков, 2-курстун студенти:

Мен бюджеттик негизде окуйм. Айына 700 сом стипендия алам. Жатаканада турам. Жылына он бир миң сом төлөйм. Чынын айтсам, бир жылда канча акча кетиреримди эептеп көрбөптүрмүн.

Назгүл БОСТОНБАЕВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости