Эмнеге?
Кыргызстан өзүнүн тарыхы бар байыркы өлкө жана ар бир кыргызстандык өзүнүн ата-бабалары менен сыймыктанып келет, бирок…
Инвесторлор психологиялык аспекттерге өзгөчө көңүл буруучу адамдар болот.
Эч ким Амазон токоюнда адам жегичтер менен бирге жашагысы келбейт да, туурабы?
Биздин өлкөнүн жарнамалык жана маалыматтык роликтерин карап чыгыңыз, эмнелерди көрүп жатасыз?
Биздин сайттардагы сүрөттөрдү караңызчы. Баары бири-бирин туурашат. Баарында сөзсүз желек, аянт, тоолор, койлор, жылкылар жана боз үй…андан кийин кайрадан койлор жана чабандар. Жөнөкөй жарандардын кызыгуусун жаратуучу көп сүрөттөр бар. Болду. Туристтер келишип, кооздукка суктанышууда, бирок булар туристтер гана, алар биздин жерде жашап экономиканы өнүктүрөбүз деген жери жок.
Бийликтегилер гана эмес жөнөкөй жарандар дагы ушундай потенциал менен эмнеге алдыга жылбай бир жерде турабыз деп ойлонуулары керек.
Аа, ооба эки президентти кууп чыктык – сыймыктанабыз. Дагы эмне бар? Өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирүү үчүн Кыргызстан эмне кыла алды?
Биз коңшу Казакстандан эмнеге артта калуудабыз? Коррупциянын бул жерде тиешеси жок, себеби боордоштордо бул маселе биздикинен дагы курч жана масштабдуу экенин алар жазган маалыматтардан улам билсек болот.
Бирок буга карабастан инвесторлор кезекке турушуп, казак бийлиги аларды кабыл алсакпы жокпу деп ойлонушат.
Ат чапкан чабандестер менен улуттук суусундуктардын ордуна Казакстандын роликтеринен ишенимди көрүүгө болот. Казакстанда дагы атты мыкты мингендер бар, алардын дагы улуттук тамактары көп. Бирок инвестор үчүн ишенимдүү болуу керек. Ал акчасын коопсуз долбоорго салуусу зарыл.
Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн мыйзамдар жана салык системасы абдан ыңгайлуу.
Биздин коомчулук өз тарыхы менен сыймыктанып, салтын сактап, мыйзамдарын кыйкырык, ызы-чуусу жок сактаганга үйрөнсө, башка өлкөлөр дагы биздин мамлекетке башкача карамак деп ойлойм.
Башка нерсеге акцент жасоо керек. Дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанда заманбап жолдор, транспорт, дүкөндөр, имараттар бар экенин көрсөтүүбүз зарыл.
Сизге жырткычтар кол салчу токойго барбайсыңар да туурабы?
Ошондой эле инвесторлор деле психологиялык таасир менен чечим чыгарышы толук ыктымал.
Демек, тышкы аудитория үчүн биздин өлкөдөгү маалыматтардын форматын өзгөртүүбүз керек. Бул экономиканын баардык тармагына тиешелүү.
Ал эми тарыхыбызды көтөрүп чаап, көчмөн маданиятынын желегин желбиретүү кыларга иши жоктор үчүн көңүл ачуу болсун.
Көчмөн маданияты туризм тармагы үчүн гана ийгиликтүү болорун эбак эле түшүнүүбүз керек болчу. Бирок аны өнүктүрүү үчүн дагы заманбап ыкмалар керек. Боз үйлөрдөн турган шаарча жана тоого тур уюштуруу менен өлкө экономикасын өнүктүрүү маселесин чечүү мүмкүн эмес.
Комплекстүү иштер жүрүшү керектиги айтылганы менен иш жүзүндө Кыргызстан чоң айылга айланып калгандай.
Киреше кана? 10 жылдан кийин Кыргызстан ушул жүрүшү менен өнүгүп кетет деп ойлойсуңарбы?
Мисалы, Маданият министрлиги эмне иш кылууда? Министрлик деген атка татыктуу эмес. Белгилүү бир иш-чараларды өткөрүүчү департаментке гана окшоп турат. Себеби министрлик туризмди өнүктүрө албай жатат. Ал жакка чыгармачыл адамдар эмес, башкаруучулар керек.
Тарыхты, салтты билүү жана сыйлоо керек, бирок бул нерсе менен дүйнөлүк аренага чыгуу мүмкүн эмес.
Балким мен мекендештердин патриоттуулук сезимине тийишип койдум, бирок бул чындык.
Назира Джуман.