• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Келечектин тамагы. Кыргызстанда кандай болот?

korporatsiya-ayu-9

👁 1,056

Дүйнө жүзү учурда ресурстардын органикалык маселелерин чечүү менен алек. Кыргызстан болсо азырынча “жашыл экономика” саясатын жүргүзүп келет.

Гидроресурстарга бай болгон чакан өлкө экономикалык системасын сактай алабы жана бул канчага чейин созулары белгисиз, ал эми азырынча…

Америкалык Plenty стартабы дүйнөнүн ар бир чоң шаарында 9000 чарчы метр жерге вертикалдык фермаларды ачууну пландоодо. Компания 15 өлкө менен жана ири соода тармактарынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Plenty компаниясында бул үчүн каражат жетиштүү – июль айында стартап SoftBank Масаеси Сонадан 200 млн доллар алган.

Plenty вертикалдык фермасы жашылчаларга толгон жана токойду элестетип турат. Бирок алардын жерлери жок – азыктандыруучу заттарды жана сууларды өсүмдүктөр топураксыз эле алышат.

Жемиштерди өстүрүүчү инновациялык лабораториялар 6 метр бийиктиктеги көп кабаттуу полкалардан турат, алардын үстүндө LED-лампалардын жарыгынын астында жалбырактар өстүрүлөт. Компания жашылча чөптөрдүн 15 түрүн өстүрөт. Аянты 4600 чарчы метр болгон ферма жылына 900 тонна латук өстүрөт – бул талааларга жана күнөсканаларга салыштырмалуу 350 эсеге көп. Бул жерде 1% гана суу колдонулат.

Plenty жемиштеринин өсүп жатканын текшерүү үчүн 7500 инфракызыл камералар жана 35 000 маалымат бергичтер орнотулган. Алар температураны жана нымдуулукту, CO2 көрсөткүчүн текшерип турушат. Программалык камсыздоо камералардагы сүрөттөрдү анализдеп, кайсы өсүмдүктөргө азыктар жетишпей жатканын аныктайт.

Plenty фермаларында стерилдүү шарттар түзүлгөн. Ичкери кириш үчүн кызматкерлер атайын костюм, көз айнек, кол кап, бахилы кийишип, тышкы чаңдардан тазаланып чыгышат.

Азырынча компания Сан-Францискодогу бир ферманы жетектейт. Келерки жылы Plenty АКШнын сыртына чарбасын ачат. Ар бир ферманын жөөгүнүн аянты 9000 чарчы метр болот, ал эми аны куруу үчүн 30дан ашуун күн керек. Компания жалпы 500 ишкана ачууну пландоодо – ар бир миллионник шаарда бирден. Стартап 4 континенттеги 15 өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошондой эле Plenty өз өнүмүн Wal-Mart тармагына жана Amazon онлайн ритейлине ташууну көздөөдө. Amazon Джеффа Безос Bezos Expeditions фондунун жетекчиси стартап инвесторлорунун катарына кирет.

Рынокту өздөштүрүү үчүн компания июлда каражат алган. Бай япониялык телеком-гигант SoftBank Масаеси Сону фонд Vision Manager стартапка 200 млн доллар берген.

Биринчи кезекте Plenty кытайдын, Япониянын жана Чыгыштын рынокторуна багытталган, ал жактарда айдоо жерлери аз. Кийинки кезекте Канада, Дания жана Ирландия бар.

Жаңы форматтагы фермалар дүйнө жүзү боюнча пайда болууда жана аз каражат жумшоо менен көп киреше табууну көздөшүүдө. Голландияда жылдын акырына чейин 9 кабаттуу вертикалдуу ферма ачылат, анын жалпы аянты 3000 чарчы метрди түзөт. Америкалык MightyVine фермасы жылына 54 тонна томат берип турат. Жашычаларды өстүрүүчү контейнерлерди Кимбал Маск, Илона Маска жана Square Roots долбоорунун негиздчүсү колдонуп келет.

Жаңы технологиялар өсүмдүк өстүрүү тармагына гана келбей эле. Инженерлер вертикалдуу балык фермаларын түзүүнү пландашып, ал жакта деңиз балырлары өстүрүлөт.

Азырынча Кыргызстан табигый өнүмдөрдү пайдаланып келет, бирок суу ресурстары кыскарарын эске алсак баалуу ресурсту азыртадан эле үнөмдүү пайдаланууну ойлонуу керек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости