2017-жылдын акырында Kursiv Research долбоорунун аналитикалык тобу Казакстанда акыркы 3 жылда тез өнүккөн компаниялар боюнча изилдөө жүргүздү. Рейтингге ата мекендик бизнестин 45 өкүлү кирген.
Биз болсо тармактын лидерлеринин артында ким турганы тууралуу маалымат менен бөлүшмөкчүбүз. Негизинен ар бир бизнестин артында анын менеджменти турары да жашыруун эмес.
Рейтингдин сап башында тургандардын бири жер семирткич чыгаруучу «КазАзот» АКсы. Акыркы үч жыл ичинде аталган компаниянын кирешеси 4 эсеге өскөн. Өсүү тенденциясы быйыл 33,73 млрд тенгеге жетип, 2016-жылга салыштырмалуу 33% көп болгон.
Компания 2005-жылы Тоо-Металлургия комбинатынын базасында негизделген. Негизги ээси Тимур Кулибаев, 50% акциялар анын Toex B.V. компаниясына тиешелүү. Ал эми Динмухамет Идрисов 30% акцияларына ээ. Ал «Казахстан Темир Жолы», «Ордабасы» сыяктуу компанияларда иштеген.
«КазТрансГаз» АКсы нефть тармагындагы тез өнүгүп жаткан компаниялардын ичинен жалгыз компания
Газ оператору ири кирешелерди эл аралык транзит үчүн алат. Былтыр КазТрансГаз биринчи жолу ата мекендик газды Кытайга экспорттогон, бир жыл мурун болсо өлкөнүн түштүгүн газ менен камсыз кылган болчу. Компанияны директор Кайрат Шарипбаев башкарып баштаганы жакшы өсүш байкалган. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, ал газ тармагында 2000-жылдардан бери иштеп келет. Анын жетекчилиги алдында газ түтүктөрүн бирдиктүү газ ташуучу системага туташтырууга мүмкүн болгон. «Бейнеу-Бозой-Шымкент» сыяктуу ири газ магистралдары курулган, жаңы кен казуучу жайлар ачылып, газ бөлүштүрүүчү тармактар оңдоодон өтүп, модернизацияланган. Өлкөнүн эң алыскы айылдары дагы көгүлтүр от менен камсыз болгон.
Ал эми пайдалуу кендерди иштетүүдө «Казцинк» компаниясы алдыга чыккан. Аны Александр Хмелев жана Юрий Гусев башкарып келишет. Компания «Казцинк» ААКсынын курамына кирет. Рейтингдин натыйжасында цинкти, жезди жана баалуу металлдарды чыгарууда көп киреше табышкан. Александр Хмелев «Құрмет» орденинин ээси, билими боюнча экономист-математик. Анын кесиптеши Юрий Гусев дагы «Құрмет» орденинин ээси жана экономикалык жактан бир топ тажрыйбалуу. Балким 2014-жылы дал ушундай жетекчиден дароо экини дайындаганы компаниянын кирешесин 883 млрд.тенгеге чейин чыгаргандыр.
Тизмеге курулуш компаниялары дагы кирген. Искаков Аскар Кеженович 2014-жылдан тарта «Батыс транзит» АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы. Ал Казакстандын жана КМШнын эмгек сиңирген энергетиги. Башка катышуучулар менен катар эле «Батыс транзит» АКсын өнүгүү жолун издеп жатышканда дайындалган. «Батыс транзит» акыркы 3 жылда көп киреше тапкан.
Аскар Искаковдун компанияга келиши менен киреше 6 млрд. тенгеге жакындаган.
Ал эми телекоммуникация жана байланыш тармагында 2017-жылы тез өнүккөн компаниянын катарына «Транстелеком» АКсы кирген. 2013–2016-жылдарга карата компаниянын кирешелери до 48 млрд. тенгеге чыккан. Мындай өсүш «КазахстанТемирЖолы» АКсы менен биргелешип иштеше баштагандан тарта алдыга жыла баштаган. Алар аталган компанияга эсептөө техникасын жана программа менен камсыздоону ташып башташкан.
Өсүүнүн негизги факторун көпчүлүк эксперттер кызмат көрсөтүүнүн кеңейүүсү жана компаниялардын иштөөсүндө заманбап технологиялык процесстердин киргизилүүсү менен байланыштырышкан. Аны менен катар эле жетекчилердин дагы иш тажрыйбалары чоң роль ойнорун белгилешкен.