Азыркы бюджет — 1 млрд 737,3 млн сом экенин министрликтин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев билдирди.
Мамлекет Балыкчы – Тамчы — Чолпон-Ата – Корумду жана Бишкек аэропорт «Манас» жолдорун оңдоодон сырткаркы жолдорго 305,2 млн сом бөлөт.
Мамлекеттердик инвестицияларды эсепке албаганда 2016-жылга жалпы бюджет 4 млрд 684,7 млн сом болгон.
Иш жүзүндөгу каржылоо 4 млрд 435,7 млн сомду түзгөн, анын ичинен:
- учурдагы бюджет – 1 млрд 733,7 млн сом;
- Капиталдык салымдар беренеси боюнча — 2 млрд 702 млн сом.
2016-жылы Капиталдык салымдар беренеси боюнча 2 млрд 955,3 млн сомго иш аткарылган, анын ичинен:
–асфальт-бетон төшөө Бишкек—Аэропорт «Манас» жолунун 23 чакырымына 978,3 млн сомго жүргүзүлгөн;
- асфальт-бетон төшөө Балыкчы—Чолпон-Ата—Корумду жолунун 25,5 чакырымына 1 млрд 459,3 млн сомго жүргүзүлгөн;
- асфальт-бетон төшөө Балыкчы шаарындагы Адрахманов көчөсүнүн 6,64 чакырымына 140 млн сомго жүргүзүлгөн;
- Капиталдык салымдар беренеси боюнча башка жолдорго асфальт-бетон төшөөгө 30,8 чакырымга 197,7 млн сом жумшалган;
- 196 п/м узундуктагы 3 көпүрө курулган, анын ичинен:
–Ат-Башы-Торугарт жолундагы Ак-Сай суусунан 107 чакырымдык көпүрө;
- Нарын-Өрүктам жолундагы Нарын суусунан 50 чакырым көпүрө;
- Өзгөн районунун Салам-Алик айылдык аймагындагы Он-Беш айылындагы көпүрөнүн курулушу.
Бул көпүрөлөрдүн экөө курулуп бүтүү алдында турат.
–Баткен облусундагы чектеш аймакта 141,3 млн сомго 46,3 чакырым жолго шагыл төшөлгөн.
ЭКОНОМИКА буга чейин Кыргызстанда унаа жолдорун куруу “тыйынга” жүрүп жатканын жазган.
Эгерде Кытайда 1 чакырым жол курууга 65 000 доллар керек болсо, Кыргызстанда бул сумма 1,5 эсеге жогору.