Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланылышына пландуу аудит жүргүзүлдү.
Аудиттин жүрүшүндө 31,8 млн. сомго каржы бузуулары аныкталган. Анын ичинен, товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиги жана кем чыгуулары – 9 млн. сом, эмгек акыны негизсиз төлөө – 0,8 млн. сом, 0,1 млн. сомдук командировкалык чыгымдарды камтуу менен, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 0,3 млн. сом, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 9,2 млн. сом, дебитордук жана ашырылган насыялык карызды эсепке алууну жашыруулар – 7,9 млн. сом.
Мындан сырткары, бюджеттин кирешесине кошумча кошуп эсептелгендер – 4,6 млн. сом, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна – 16,5 миң сом.
Каржы бузууларынын жалпы суммасынын ичинен 31,2 млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Аудитин жүрүшүндө 0,9 млн. сом калыбына келтирилген.
Резервдер жана бюджеттин жоготуусу 12,5 млн. сомду түзгөн, рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 14,8 млн.сом.
Аудиттин алкагында “Спорттук курулмаларды башкаруу жана спорттук камсыздоо” мамлекеттик ишканасында каржы бузуулар аныкталган, тактап айтканда, 2,7 млн. сомго кошумча кошуп эсептелген ижара акысы.
Аудиттин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасы тарабынан, мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине аныкталган бузууларды жана иштеги кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүү жана аларга андан ары жол бербөө боюнча жазма буйрук берилди.