2017-жылдын 10 айында Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөл агенттиги шаардык каттамдарда, автобекеттерде, автостанцияларда 31580 унааларды (34644 – 2016-ж.), текшерүүдөн өткөрүшкөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. .
Жалпы 856 административдик мыйзам бузуу аныкталган.
Айыппулдарды өндүрүү үчүн 14 токтом сотко жөнөтүлүп, 12 учурда сот аркылуу айыппул төлөтүлдү.
2017-жылдын 8–10-ноябрь күндөрү жүргүнчүлөрдү ташуу талаптарын сактабагандыгы үчүн 16 айдоочуга протокол түзүлдү:. Алар төмөнкү компаниялардын айдоочулары болгон: «Бек-Тоо», «Герон», «Юрам», «Лига», «Совет Бригады», «Восточный экспресс», «Трансгруппкоммуникейшн», «Ай-Эл Транс», «Кей Джи Транс» .