“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча” Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, 5 млн доллар каржылоо болору күтүлүүдө.
Долбор бир нече компоненттерден турат:
–1,6 млн доллар – мамлекет жана жеке ишкерлер ортосундагы мамилени жакшыртууга;
–1 млн доллар малдарды идентификациялоого;
–1 млн доллардан ашуун каражат ветеринардык постторду орнотууга.
“Асыл тукум малдарды сатып алууга каражаттар бөлүнгөн. Идентификацияга көбүрөөк октолгум келип турат. Учурда айылдарда малдарды идентификациялоо жүрүп жатат, бул иштерди ветеринардык инспекция жүргүзүүдө. Биздин долбоор боюнча биз саан уйларды идентификация кылуубуз керек, бул каржылоого жардам берет”,-деди ал.
Айрым депутаттар долбоордо бир топ карама-каршылыктар бар экенин билдиришти жана бөлүнгөн каражаттарды айыл-чарбасындагы бир нече тармакка бөлүүнү сунушташты.
Министрдин орун басарынын айтымында, долбоор 5 жылга эсептелген. Бирок Айыл-чарба министрлиги 3 жылда ишке ашырууга аракет кылат.