Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, март айында 01 001 AAE, 01 050 AAE, 01 888 AAF, 01 777 AAF, 01 111 AAF, 01 100 AAF, 01 070 AAF, 01 050 AAF, 02 070 AAB, 02 020 AAB, 02 010 AAB, 07 470 AAB, 01 111 AAE жана 06 070 AAB мамлекеттик номерлери сатылган.
“Крутой” номерлерди сатуудан мамлекеттик каттоо кызматы 361 миң сом пайда тапкан.
01 777 AAF мамлекеттик номеринин баштапкы баасы 54 миң сом болгон дагы аукцион учурунда 116 миң сомго сатылган. Бул аукциондорду өткөрүү максатын актаган.
Бирок ушундай “крутой” номерлер ээлерине эмне берери такыр түшүнүксүз.
Балким мындан айдоо жакшыраттыр же МАИ кызматкерлери аларга сыпайы мамиле кылып калабы?
Албетте, номерлер көпчүлүктөн айырмаланып, өзгөчө болуу үчүн алынары түшүнүктүү.
Башка өлкөлөрдө абал кандай?
Мисалы, Казакстандын ИИМи “крутой” номердин расмий баасын бекитти.
Эми өзгөчө номерлерди алуу үчүн кошумча мамлекеттик салык төлөө жетиштүү. 100, 111, 200, 222, 300, 333, 400, 444, 500, 555, 600, 666, 700, 800, 888, 900, 999 сандарын камтыган номерлер 137 бир айлык эсептик көрсөткүчтү түзөт (237 147 теңге) 80 000миң сомго жакын.
001, 002, 003, 004, 005, 006, 007, 008, 009, 777 сандары бар номерлер 228 эсептик көрсөткүчтөгү салык төлөйт (394 668 теңге) же 2 000 долларга жакын каражат.
Мисалы Грузияда мындай номерлер 10 миң долларды чапчыйт, бирок 5 жыл ичинде “сулуу” номерлерден жетөө гана сатылган, бул баанын жогору экенинен кабар берет.