Анда Т.Абдыгулов Улуттук банк тарабынан туруктуу макроэкономикалык абалды камсыздоо, улуттук валютанын курсунун туруктуулугун сактоо, банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маалымат берди. Төрага ошондой эле банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун камсыздоо үчүн жаңы мыйзам ченемдеринин күчүнө киргенин айтты.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн каржылык-насыялык мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү аракетинин, улуттук валютанын туруктуулугун колдоонун маанисин айтты.
Ошондой эле, пайыздык чендерди төмөндөтүү, доллардын колдонулушун чектөө, калкты узак мөөнөттүү насыялар менен камсыздоо боюнча мындан аркы иштерди улантуу талкууланды.