Эч кимге кереги жок заводдун банкрот болгонуна көп болду. Бир убакта укмуштуудай жабдууларга ээ болгон завод бүгүнкү күндө төлөнбөгөн эсептери бар толгон документке жана азыраак техникасы бар имаратка айланган.
Эске сала кетсек, өз учурунда Тяжмаш ар кандай кубаттуулуктагы трансформатордук подстанцияларды жана электр кыймылдаткычтарын чыгарчу.
СССР учурунда заводдо жабдуулардын тетиктерин дагы чогултушчу жана бат эле менчиктештирилип кеткен башка заводдорго караганда Тяжмаш карызга батып, көптөн бери туруп калган заводдордун катарында.
Бул заводдун жетекчиси катары Юстиция министрлигинде Р.Жукеев катталган.
Завод жакшы адамдарга туш келип, мурункудай күркүрөп иштебесе дагы жаңы жумушчу орундарды түзүүдө жардамчы болот деп ишенели.