• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. «Центерра Голд Инк» онкологиялык ооруларды дарылоо натыйжалуулугун жогорулатуу 10 млн доллар бөлөт

46

👁 944

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жогорку Кеңештин 5-марттагы «Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү фондунун» ишмердүүлүгү жөнүндө кеңешмесинин жүрүшүн чагылдырган ЖМКлардагы жарыялоолорго тийиштүү төмөнкүлөрдү билдирет.

«Центерра Голд Инк» КР Өкмөтүнүн онкологиялык оорулардын санын кыскартуу жана онкологиялык ооруларды дарылоо натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча демилгесин колдоо максатында Стратегиялык келишим түзүүдө 10 млн АКШ долларын бөлүүгө макулдугун берген.

Аталган каражаттарды берүү шарты катары көзкарандысыз Онкологиялык кызматты колдоо фондун түзүү болгон, анын каражаты байкоочу кеңеш тарабынан башкарылышы каралган, Кеңештин милдети катары Фонд тарабынан уставдык документтердин талаптарынын аткарылышын жана ишмердүүлүктү уюштурулганда коюлган конкреттүү максатка ылайык жүргүзүүнү камсыздоо болуп саналат.

Фонддун маанилүү милдети болуп, каражаттарды пайдалануунун айкындуулугун, анын ичинде байкоочу кеңешке ЖК депутаттарын жана жарандык коом өкүлдөрүн тартуу аркылуу камсыздоо болуп саналат, учурда алар өз ишин баштаган.

«Центерра Голд Инк» тарабынан сунушталган байкоочу кеңеш институту аркылуу башкаруу механизми каражатты бюджет аркылуу багыттоо мүмкүндүгүн четке кагып, натыйжада, Канаданын корпоративдик антикоррупциялык укугу ага чет өлкөлүк өкмөттөргө салыктык жана милдеттүү төлөмдөрдү эсепке албаганда, түз каржылоо мүмкүндүгүн бербейт.

Белгилесек, Фонд республикадагы онкологиялык оорудан жабыркаган бейтаптарга медициналык тейлөө көрсөтүү сапатын жогорулатуу, аталган ооруларды кыскартуу жаатындагы потенциалды өстүрүү жана оорунун алдын эртелеп алуу, өлкөнүн онкологиялык кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түзүлгөн.

«Центерра Голд Инк.» келишим алкагында 10 млн АКШ долларын бөлөт, анын 7 млн доллары 2017-жылдын октябрь айында Фонддун эсептик счетуна келип түшкөн.

Белгилесек, аталган каражаттар Улуттук онкология борборун реконструкциялоону, онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн жабдууларды алууну, республикадагы изилдөөлөрдү жана башка агартуу иш-чараларын жүргүзүүнү каржылоо үчүн гана пайдаланылышы кажет.

Мындан тышкары, кабыл алынган Келишим алкагында тараптар Фонддун каражаттары өлкөнүн тийиштүү квалификациялуу, кредиттик жөндөмдүү, абройлуу финансылык мекемелеринде жайгаштырылаарын макулдашкан. Мында Фонд ар жылкы аудитордук текшерүүгө алынып, эл аралык стандартарга ылайык, корупцияга каршы туруу жана этикалык кодекс боюнча ички саясатка дуушар болот.

Белгилей кетүүчү нерсе, Фонддун каражаттарын чыгымдоонун айкындуулугун камсыздоо жана потенциалдуу жабдып туруучулар арасындагы атаандаштык шарттарды түзүү максатында, Өкмөт Фондго жабдууларды жана тийиштүү материалдарды мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу жүргүзүүнү сунуштаган. Улуттук онкология борбору үчүн сызыктык тездеткичти, МРТ жана башка жабдууларды сатып алууга тендер тууралуу жарыя 2018-жылдын 25-январында мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган, ал эми тендерге билдирмелер 30-мартта ачылат.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости