• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. Товар айлануу 874,1 млн доллар

dordoy-dyiykan-31

👁 1,761

2017-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон товар айлануусу 74,1 млн долларды түздү.

2016-жылдын ушул маалы менен салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон соода көлөмү 11,4% өскөн.

Экспорттун көлөмү – 29,3%, ал эми импорт – 6,3% жогорулады. Алардын ичинен Орусия менен болгон соода алакасы – 51,8% жана Казакстан менен болгон соода – 48,2% болду.

Орусияга кийим ташуу 2,8 эсеге, кургатылган жемиштер 2,7 эсеге, пияз ташуу 5,9 эсеге жана сабиз ташуу 1,9 эсеге жогорулаган. Ошол эле маалда 2,8 эсеге төө буурчактарды ташуу жана кургатылган жашылчаларды ташуу азайган.

Россиядан төмөнкүлөрдү ташуу көбөйгөн:

Сүт азыктары 1,9 эсе;

Жыгач материалдары 5,1 эсе;

Фармацевттик товарлар 2 эсеге;

Өсүмдүк майы 16,1%.

Ал эми желим буюмдарды ташуу 2 эсеге, жемиш ташуу 1,6 эсеге, кара металлдан жасалган буюмдарды ташуу 30,1% кыскарган.

Ал эми Кыргызстандан Казакстанга сүт азыктарын ташуу (37,1%), жашылчаларды ташуу (28,2%) көбөйгөн. Казакстан болсо биздин өлкөгө кондитердик азыктарды (2,7 эсеге өскөн), күрүчтү (3,4 эсе) жана таш көмүрдү (10%) көп ташыган.

Астанада Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ менен Иран өлкөсүнүн ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Астана шаарында өтө турган EXPO-2017 эл аралык көргөзмөсүнө карата өткөрүлгөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйынды Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисян жетектеди.

Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кызматкерлеринин пенсиялык камсыз кылуу боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Мындан сырткары Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча комиссия түзүү, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин биринде берилген улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу тууралуу маселелер да каралды.

ЕАЭБ биримдигине Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Белараусь жана Армения кирет.

Эгерде СЭЗ түзүлсө анда кыргыз ишкерлеринин экспорт мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости