Бөлүнгөн акча каражаттарынын ичинен:
- социалдык коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 19,0 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд. 950,8 млн. сомго көбөйүү менен 26 млрд. 513,7 млн. сомду) түздү,
- билим берүүгө сарпталган чыгымдардын салыштырма салмагы 17,9 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 398,4 млн сомго азаюу менен 25 млрд 36,2 млн. сомду) түздү,
- саламаттык сактоого жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 10,7 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 3 млрд 17,1 млн. сомго көбөйүү менен 14 млрд. 998,2 млн. сомду) түздү,
- эс алууга, маданиятка жана динге сарпталган чыгымдардын салыштырма салмагы 3,3 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 240,8 млн. сомго азаюу менен 4 млрд. 561,2 млн. сомду) түздү,
- турак жай-коммуналдык чарбага жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 1,3 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 200,6 млн. сомго көбөйүү менен 1 млрд. 842,5 млн. сомду) түздү.