• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. Тиштелген кулак үчүн 150 миң рубль

limonyi-2

👁 1,029

Орусияда эмгектенип жүргөн эмгек мигранттары өз укуктарын коргой алышат. Мындай мигранттардын бири Тажикстандын жараны. ММКлар анын кулагы тиштелгени тууралуу жазып чыгышкан болчу.

Москвалык киши кулагын тиштеп алган тажикстандык короо шыпыруучу Махмадулло Давлатзода полицияга жазган арызынан баш тартты. Бул үчүн ал тынчтык келишимдин негизинде 150 миң рубль (3 миң доллардын тегереги) компенсация алды.

51 жаштагы тажик мигранты 2-сентябрда компенсация алгандан кийин кулагын тиштеп алган кишиге карата эч кандай доосу жок экенин билдирген. Учурда ал Москвадагы №67-ооруканада дарыланууда, жакында чыгат.

Махмадулло Давлатзоданын жактоочусу, «Общественный вердикт» фондунун юристи Ирина Бирюкова айыпталуучу мигранттан расмий түрдө кечирим сурап, дарылануу үчүн 150 миң рубль төлөп бергенин билдирди.

Августтун ортосунда тажикстандык мигрант Махмадулло Давлатзода ити Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдындагы гүлдөргө заңдаган аялга сын айткан. Жооп катары ал кыйкырып, мигрантты кемсинткен.

«Мен анын бул кыйкырышы менен айтышыбыз бүттү го деп ойлогом. Бирок эртеси чымыр денелүү бир киши келип, мени сабап баштады. Ал менин тиштеримди сындырды, анан качып кетүүгө аргасыз болдум», деди Махмадулло.

Окуядан кийин Давлотзода полицияга даттанып барган, бирок укук коргоо кызматкерлери аны арыз жазбастан, сабаган адамды кечирип коюуга көндүрүшкөн. Бирок көп өтпөй тигил киши кайрадан пайда болуп, аялынан кечирим сурабаса мындан ары бул жакта иштебей тургандыгын айтып бычак менен коркуткан. Мигрант анын бул талабын аткаруудан баш тартканда ал Давлатзоданын кулагын тиштеп алган.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости