Ноябрь айынын башына карата “Түндүкэлектр” ишканасынын абоненттеринин карызы 567,1 млн. сомду түздү. 2017-жылдын 9 айында дебитордук карыздын суммасы 185,1 млн. сомго же 24,6 %га азайган.
Электр энергиясы боюнча карыздар:
жарандар–165 млн.сом же 31,7%;
өндүрүш – 7,8 млн.сом же 14,9 %
бюджеттик уюмдар – 6,5 млн.сом же 7,9 %
башкалар – 6,6 млн.сом же 7,1 %.
Айыл-чарба тармагынын дебитордук карызы 7 млн.сомго же 14,2 %га өстү.
“Түндүкэлектр” ишканасынын абоненттеринин дебитордук карызынын төмөндөөсү баардык аймактарда байкалууда. Тактап айтканда, бишкектик абоненттердин карызы 56 млн. сомго же 22 %га азайган;
Чүй облусунун тургундарынын карызы 103 млн. сомго же 26,7%га азайган;
Таласта болсо карыз 26,2 млн. сомго же 23,4 %га төмөндөгөн.