8 ай ичинде “Түндүкэлектр” бөлүштүрүү тармагына 3,8 млрд. кВт саат электр энергиясы келип түшкөн, бул 2016-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 400 млн. кВт саат көп.
Аталган мөөнөт ичинде 5,2 млрд. сом чогултулган (106%).
Калктан акча чогултуу 112,3 %ды түзсө, өнөр-жай объектилери боюнча 101,8%, бюджеттик уюмдардан 102,2 %, айыл-чарба объектилери боюнча 95,9 %, башка колдонуучулар арасында 98, 7 % чогултулган.
Өткөн жылдын жыйынтыктары менен аймактар боюнча каражаттарды чогултуу төмөнүдөй көрсөткүчтө болгон:
Борбордо каражаттарды чогултуу 103 %
Чүй облусунда –108,4 %
Талас облусунда – 112,4%.