2017-жылдын тогуз айынын ичинде “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 4,1 млрд. кВт.саат электр энергия келип түштү. Бул 2016-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 412,8 млн. кВт.саатка көбүрөөк.
Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 111,4 %,
өндүрүштүк объектилер – 101,7 %,
бюджеттик уюмдар – 101,9 %
айыл чарба объектилер – 98,8 %,
жана башка керектөөчүлөр – 99,5 % аткарылды.
Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу сегиз ай боюнча төмөндөгүдөй:
борбор калаабызда төлөм чогултуу 107,9 %;
Чүй облусунда – 113,9 %;
Талас облусунда – 121,2 % .