• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. Швейцария Кыргызстанга эки тараптуу кызматташтык үчүн 20 млн швейцардык франк бөлөт

south-250

👁 832

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандагы Швейцария Конфедерациясынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вероника Ульман менен жолугушту.

Өкмөт башчы Кыргызстан жана Швейцария ортосундагы эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи.

«Биз өлкөнүн туура өнүгүү багытынан чыгып кетпешин эле эмес, жарандардын жашоо шартын жакшыртууда сапаттуу секирик жасаш үчүн бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Бул багыттагы мамлекеттин башкы маселелеринин бири өлкөгө инвестицияларды тартуу болуп саналат. Силерге белгилүү болгондой, жакынкы арада Швейцарияга жумушчу сапарым пландаштырылган, мен Кыргыз Республикасына кошумча инвестицияларды тартуу максатында бир катар жоолугушуларды өткөрүүгө ниеттенип жатам. Биз инвесторлорду күтүп отурбастан, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен өзүбүз издөөбүз керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жакынкы келечекке карата пландары, тактап айтканда, салык, мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик башкаруу тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

«Салык тутумун фискалдаштыруу долбоору мамлекетке гана эмес, ак ниет салык төлөөчүлөргө да сезилерлик пайда алып келет. Акча жүгүртүүнү мыйзамдаштыруу эсебинен салыктык чогултуулар жогорулайт, ачык-айкын фискалдык тутум түзүлөт, салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрө түзүлөт. Биз теңдик эрежелерин ишке ашырууга умтулуп жатабыз, ошол эле учурда жаңы салыктарды кийирип же учурдагылардын деңгээлин жогорулаткан жокпуз. Өлкөнүн Өкмөтү үчүн башкы нерсе катары инвесторлорго кепилдик берүүгө жана алар тартып келген каражатты коргоого алууну үйрөнүү болуусу керек», – деп кошумчалады Сапар Исаков.

Өз кезегинде элчи Вероника Ульман Швейцариянын Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого даярдыгын билдирип, көптөгөн тармактарда кызматташтык жайгарылгандыгын белгиледи.

Анын айтымында, жыл сайын Швейцариянын Кыргызстан менен 2017–2020-жылдарга кызматташтык стратегиясынын алкагында 20 млн швейцардык франкы бөлүнөт. Ошондой эле Швейцария Кыргызстандагы суу ресурстарын башкаруунун аймактык программасын колдоп жатат.

«Швейцария Кыргызстанды көп тараптуу кызматташтык алкагында, тактап айтканда, экономиканы өнүктүрүү жаатында колдоого алууну жактайт. Биз «Жаңы доорго кырк кадам» программасын тыкыр иликтеп чыктык жана учудагы кыргыз-швейцар долбоорлору менен үндөштүгүн белгиледик, биз буга кубанычтабыз. Биз тараптан Өкмөттүк программа алкагында белгиленген иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз», – деди Вероника Ульман.

Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчи Вероника Ульман жарандарга кызмат кылып, ачык жана таза мамлекетти түзүүгө багытталган бийик технологиялык «Таза Коом» программасына өзгөчө көңүлүн бурду.

«Таза Коом» улуттук программасы өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүдө чоң роль ойной калат. Биз, өз кезегибизде санариптик кызматтарды көрсөтүү үчүн жеке сектордун потенциалын жогорулатуу боюнча иш алып барабыз», – деп белгиледи ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле соода-экономикалык активдүүлүк, мамлекеттик тармактагы жана инфраструктурадагы реформалар, жеке секторду өнүктүрүү, суу ресурстарын башкаруу, тынчтыкты жана демократияны куруу маселелерин талкуулады.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости