• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. Сауд Аравия карантин аймагын куруу үчүн 1 млн доллар бөлөт.

arstanbap-11

👁 213

Айыл-чарба министрлигинин басма соз кызматы Сауд Аравиясы карантин аймагын куруу үчүн 1 млн доллар бөлөрүн билдирди.

Айыл-чарба министри Нурбек Мурашев расмий иш-сапары учурунда эки өлкө ортосундагы айыл-чарба, мал чарбачылыгы, балык чарбачылыгы тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койду. Ошондой эле карантин аймагын куруу үчүн каражат бөлүү маселеси талкууланган. Андан соң карантин аймагы аркылуу Сауд Аравиясына эт экспорттоо каралууда.

Бизге Сауд Аравиясынан кургатылган курма, минералдык суулар, коюлтулган сүт, өсүмдүк майы алынып келинет.

Жолугушуунун жүрүшүндө коюлган маселени чечүү жолдору талкууланды. Биздин өлкө Сауд Аравиясына эт, эт азыктарын, бал, томат, төө буурчак, картошка, жашылча, жүзүм, консерваланган жашылча, кургатылган демиш, жаңгак ташууга даяр. Биздин балга, жаңгакка жана жемишке болгон талап күчтүү экени белгилүү болду.

КРнын ТИМи аркылуу Сауд Аравиясынын 1 млн доллар бөлүүсүн тастыктаган кат келген.

Айыл-чарба министрлиги каржылоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, карантин аймагы аркылуу ири мүйүздүү мал гана эмес, тоңдурулган эт дагы алып өтүү сунушун берди.

Курулуш иштери башталгыча тараптар карантин аймагын курууга канча каражат кетерин эсептөөчү техникалык топ керектиги жана ал топко курулуштун, фитосанитариянын, мал чарбачылыгынын, укуктук маселе боюнча өкүлдөрдүн кошулуусу керектиги тууралуу маселе коюлду. Бул топ долбоор боюнча техникалык негиздерди иштеп чыкмакчы. Айыл-чарба министрлиги болсо адистерге тиешелүү маалымат топтоого жардам берет.

Ал эми үрөнчүлүк, мал чарбачылыгы, аарычылык, ирригация маселелери боюнча Н.Мурашев Сауд Аравия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл-чарба министри Абдулрахман А.Альфадли менен сүйлөшүү жүргүздү.

Ошондой эле сауд инвесторлорунун Кыргызстандагы эл аралык логистикалык борборлордун курулушуна катышуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Макулдашууларга кол коюлду жана бул биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда укуктук негиз болуп саналат.

Инвестициялар карантин аймактарын курууга гана эмес, Кыргызстанда эл аралык логистикалык борбордун курулушуна дагы жумшалат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости