• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. Республикалык бюджеттин ресурсу 121,9 млрд сомду түздү

????????????????????????????????????

👁 737

КРнын Финансы министрлиги үстүбүздөгү жылдын 10 айында республикалык бюджетке ресурстардын түшүүсү тууралуу материал даярдады.

017-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджетке ресурстардын түшүүсү 121 млрд 899,9 млн сомду же планга (119 млрд 289,5 млн сом) карата 102,2%ды түздү.

2016-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу ресурстардын түшүүсү 12,5%га же 13 млрд 508,6 млн сомго көбөйдү.

Ресурстардын курамында көбүрөөк салыштырма салмакты төмөнкүлөр тарабынан камсыздалган түшүүлөр ээледи:

Мамлекеттик салык кызматы — 42,1 %,

Мамлекеттик бажы кызматы — 25,3 %,

Мамлекеттик казыналык векселдерден (МКВ) түшкөн кирешелер — 11,7 %,

Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшкөн кирешелер – 2,4%.

Республикалык бюджетке түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 105 млрд 226,8 млн сомду же пландын 100,7%ын түздү. 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 16 млрд 732,8 млн сомго көбөйдү.

Салыктык түшүүлөр 82 млрд 54,8 млн сомду түздү (план боюнча 84 млрд 516,6 млн сом келип түшмөк) же план 97,1%га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелердин өсүшү, акчалай туюнтканда, 8 млрд 925 млн сомду түздү. Кирешелердин көлөмүндө салыктык түшүүлөрдүн үлүшү 78%ды түздү.

Салык кызматы боюнча түшүү — 51 млрд 265,4 млн сомду түздү же план 95,9%га аткарылды.

Бажы кызматы боюнча түшүү — 30 млрд 789,4 млн сомду түздү же план 99,1%га аткарылды.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын камсыздандыруучу суммаларын түзгөн төгүмдөрдүн жана социалдык муктаждыктар үчүн чегерүүлөрдүн республикалык бюджетке түшүүсү 2 млрд 220,8 млн сомду түздү же план 163,6%га аткарылды.

Алынган расмий трансферттер (гранттарды эсептебегенде) 4 млрд 653,6 млн сомду түздү (план боюнча 2 млрд 399,8 млн сом түшмөк), пландын аткарылышы 193,9%ды түздү.

Салыктык эмес түшүүлөр (атайын каражаттарды эсепке албаганда) 16 млрд 297,7 млн сомду же пландын 100,7%ын түздү (план боюнча 16 млрд 182,9 млн сом келип түшмөк). Өткөн жылдын деӊгээлине карата салыктык эмес кирешелер 5 млрд 656,8 млн сомго көбөйдү.

Активдер жана милдеттенмелер 16 млрд 673,1 млн сомду түздү, план боюнча 14 млрд 833 млн сом келип түшмөк, план 112,4%га аткарылды. Ишканалардан жана уюмдардан мурда аларга берилген ссудалар жана кредиттер боюнча 2 млрд 237,6 млн сом кайтарылды. Мамлекеттик казыналык векселдер боюнча түшүүлөр 14 млрд 277,1 млн сомду же пландын 114%ын түздү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости