• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. Республикалык бюджеттин кассалык чыгымдары 17,3 млрд. сом суммасында жүргүзүлдү

👁 746

2018-жылдын январь-февралында республикалык бюджеттен каржыланган чыгашалардын жалпы көлөмү 17 млрд. 312,6 млн. сомду түздү же эсептик план (22 млрд. 545,7 млн. сом) 76,8 %га аткарылды. Өткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгымдары 12 %га же 1 млрд. 851,7 млн. сомго көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-февралында кассалык пландын негизинде республикалык бюджеттен каржылоонун көлөмү 19 млрд. 892,9 млн. сомго жеткирилди (эсептик план боюнча 22 млрд. 545,7 млн. сом болмок) же 88,2 %га аткарылды.

Иш жүзүндө бюджеттик мекемелер тарабынан өздөштүрүлгөн каражаттар, башкача айтканда, кассалык чыгымдар 17 млрд. 312,6 млн. сом суммасында жүргүзүлдү же кассалык пландын 87 %ын түздү. 2018-жылдын 1-мартына карата бюджеттик мекемелердин эсептеринде турган кассалык планда каралган каражаттардын сарпталбаган калдыктары 2 млрд. 580,3 млн. сом болду. Бул каражаттар бюджеттик уюмдардын карамагында турат жана өз алдынча сарпталат.

Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча бюджеттик мекемелерден келип түшкөн бардык өтүнмөлөр (маяна, Социалдык фондго чегерүүлөр, дары-дармектер, тамак-аштар, жөлөкпулдар, стипендиялар жана мамлекеттик карыз боюнча пайыздарды тындыруу) 100 %га канааттандырылды.

14 млрд. 973,2 млн. сом суммасындагы корголгон беренелер боюнча кассалык пландын каржыланган көлөмүндө 16 млрд. 423,7 млн. сом суммасындагы эсептик пландын аткарылышы 91,2 %ды, кассалык чыгымдар 13 млрд. 131 млн. сомду же кассалык пландын 87,7 %ын түздү.

Корголгон беренелер боюнча бөлүнгөн кассалык пландын бюджеттик мекемелер тарабынан сарпталбаган каражаттары 1 млрд. 842,2 млн. сомду түздү.

2017-жылдын бирдей мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу кассалык чыгымдар 15,4 %га же 1 млрд. 749,8 млн. сомго көбөйдү.

Чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча кассалык план 2 млрд. 758,2 млн. сомго каржыланды же 3 млрд. 465,4 млн. сом суммасындагы эсептик пландын 79,6 %ы аткарылды. Кассалык чыгымдар 2 млрд. 102,8 млн. сомду же кассалык пландын 76,2 %ын түздү. 655,4 млн. сом суммасындагы сарпталбаган каражаттар бюджеттик уюмдардын карамагында турат. 2017-жылдын бирдей мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырганда корголбогон беренелер боюнча кассалык чыгымдар 232,3 млн сомго же 12,4 %га көбөйдү.

Анын ичинде финансылык эмес активдер боюнча кассалык план 879,6 млн. сомго каржыланды же 1 млрд. 175,8 млн. сом суммасындагы эсептик пландын 74,8 %ы аткарылды. Кассалык чыгымдар 617,9 млн. сом суммасында жүргүзүлдү же кассалык пландын 70,2 %ы орундалды. Кассалык пландын каражаттарынын сарпталбаган калдыктары 261,7 млн. сомду түздү.

2017-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу финансылык эмес активдерди сатып алууга сарпталган чыгымдар 238,8 млн. сомго көбөйдү.

Финансылык активдер боюнча республикалык бюджеттен 200 млн. сом бөлүндү, бул 166,6 млн. сом суммасындагы эсептик пландын 120 %ын түздү. Финансылык активдер боюнча кассалык чыгымдар 200 млн. сомго жүргүзүлдү же кассалык план 100 %га аткарылды.

Милдеттенмелерди аткарууга республикалык бюджеттен кассалык пландын негизинде 1 млрд. 961,6 млн. сом бөлүндү же такталган пландын (2 млрд. 490 млн. сом) 78,8 %ы аткарылды. Иш жүзүндөгү кассалык чыгымдар 1 млрд. 878,9 млн. сомду же кассалык пландын 95,8 %ын түздү.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости