Антиконституционную национализацию 2010 года решили пересмотреть. Но тоже антиконституционно.
Президент Алмазбек Атамбаев былтыр 1 миллион 246 сом (болжол менен 17,8 миң доллар) киреше тапкан. Ал эми жылдык чыгашасы 8 миллион 385 миң сомду (120 миң доллар) түзгөн. Өлкө башчысы бул акчаны мурда топтогон каражаттарынан коротконун декларациясында көрсөткөн.
Документке ылайык, Алмазбек Атамбаевге катталган 2,7 гектарда жайгашкан 116 чарчы метр аянттагы имараты, 6.4 гектарда көп жылдык бак-дарактары бар. Ошондой эле ишканадагы акцияларын ишеним менен өткөрүп берген. Президенттин кыймылдуу мүлктөрү жок.
Ал эми 2016-жылы президенттин жакыны ажодон бир топ көп каражат тапкан — иштеген жеринен 250 миң сом, дивиденддерден 369 миң сом, жарандык укуктук келишимдерден 2,5 миллион сом жана 100 миң доллар тапканы көрсөтүлгөн. Декларацияда кайсы жакын тууганы тууралуу сөз болуп жатканы жазылган эмес.
Бир жыл ичинде президенттин кирешелеринде өтө деле өзгөрүү болгон эмес. 2015-жылы Атамбаев 1 миллион 298 миң сом киреше тапкан. Бирок былтыр ажо 34 миллион сом чыгымдаган болчу. Жакын тууганынын кирешеси былтыр иштеген жеринен 182 миң сом болгон жана пайыздык депозиттерден 112 миң доллар тапкан.
Алмазбек Атамбаев буга чейин долларлык мультимиллионер экенин бир нече жолу жар салган. Кандай болгон күндө дагы санариптик документтер киргизилген соң гана аткаминерлердин иш аракеттери ачыктала баштайт.