Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чек арасында “Түндүк” бажысынын ыкчам тобу тарабынан ЕАЭБдин аймагына мыйзамсыз киргизилген тамеки аткезчилигине бөгөт коюлду.
Бажы кызматы билдиргендей, Баткен-Ош унаа жолунда 24-январда КРнын жараны С.А.Анын башкаруусундагы «Мерседес – Бенц 1117» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.
Текшерүү жүргүзгөндө бул унаадан — «KENT», «PARLAMENT», «KENT-ичке», «LD», «CAMEL», «Rothmans» тамекилери табылган. Кармалган 17 000 куту тамекинин жалпы наркы 885 000 сомду түзөт. Мындан тышкары мурда колдонулган наркы 220 000 сомдук 400 даана (4800кг) “аккумулятор” алынган. ЕАЭБдин аймагына киргизилип жаткан бул товарлардын Тажикстан Республикасынын бажы көзөмөлүнөн өттү делинген документинен башка эч кандай бажы мамилесине тиешелүү документтери болгон эмес. Кармалган товарлардын жалпы суммасы 1 105 000 сомду түзөт.
Тиешелүү материалдар тергөө жүргүзүү үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.