Бул каражаттар Дүйнөлүк банк тарабынан сүт өндүрүү тармагын жакшыртуу максатында бөлүнүүдө. 45 миң доллар аудит үчүн жумшалмакчы.
ЭКОНОМИКА бул каражаттар аталган тармакта аудит жүргүзүү үчүн жетишсиз деп санайт. Бизге аудит процесси кандай жүрөрү абдан кызык болуп турат. Абалды ким текшерет, жергиликтүү адистерби же башка жактан келгендерби?
Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын иштегенине бери бир топ изилдөөлөр жүргүзүлүп, өтө көп тренинг жана семинарлар өткөрүлгөн. Буларды эске алсак Кыргызстан учурда өлкөдө болгон ар бир коркунучка туруштук бере ала турган өтө билимдүүлөрдүн мекени болуп калышы керек эле.
Балким грант бөлүп берүү саясатын карап чыгып, башка жактарга басым жасоо зарыл болуп жүрбөсүн?
Буга байланышкан бир топ суроолор пайда болот.
ЭОНОМИКАнын редакциясы жергиликтүү адистер менен жолукту. Алар сүт азыктарынын сапатын жакшыртуу үчүн адистер жана ветеринарлар жетишсиз экенин билдиришти.
Кантип жетишпей жатат? Мурунку айыл-чарба институтунун бүтүрүүчүлөрү кайда? Скрябин атындагы агрардык академия жыл сайын жүздөгөн студенттерди даярдап чыгып жатпайбы, эмне үчүн? Алар жөн гана диплом алуу үчүн окуп, ал эми академия жөн гана “галочка” үчүн окутуп жатабы?
Бул жерден мындай бүтүм чыгарса болот. Кеңешчилер келишет да кетишет, ал эми фермерлер болсо чет жактын жардамына муктаж болуп калат берет.
Студенттерди чет жакка жиберип, ошол эле учурда келгенден кийин мамлекетке иштеп бересиң деген шарт коюу зарыл.
Мындай пикирлерин СССР учурунда иштеп калган адистер айтышууда. Илгерки кишилерибиз реформа кылуу керектигин айтып жатканда, демек бул өтө чоң мааниге ээ.
Балким парламент гранттык жардамды башка ракурстан карап көрөт?
Бөлүнгөн акчанын Ысык-Көлдөгү фермерлерге жардамы тийип, атаандаштыктан алдына ат салдырбай, кирешеси көбөйөт деп ишенип туралы. Кыргызстанда Айыл-чарба министрлиги бар го, килейген бул министрлик каякты карап, аткаминерлери эмне менен алек болуп жүрүшөт?