Кара-Көл шаарында буу казан курулуп, ал энергияны жергиликтүү көмөк чордондон алат. Учурда өчүрүлбөй турган кубаттуулугу жогорку көмөк чордондор көп колдонула баштады. Бул жабдуунун баасы гана арзандатпастан анын ишенимдүүлүгүнөн да кабар берет. Жогорку чыңалуу болгон тарапта өчүргүчтүн ордуна короткозамыкателдер жана ажыраткычтар колдонула баштады.
Жасалма токтун таасири алдында релелик коргоо электр энергиясы менен камсыз кылып жаткан көмөк чордонду жогорку чыңалуудагы өчүргүчтүн жардамы менен өчүрөт. Андан кийин гана линия өчкөн соң ажыраткыч өчүп, ал жабыр тарткан трансформаторду бөлөт.
Андан соң көмөк чордондо АПВ (автоматтык кайталануучу күйүү) ишке кирип, ал жанат. Линия кайрадан кубаттуулукка ээ болот.
Бул схема релелик коргоонун жакшы иштешинен көз каранды жана бир топ татаал.
Ошондуктан релелик коргоо тандалма, бат таасир берүү, сезгич жана ишенимдүү сыяктуу негизги талаптарга жооп бериши керек.
Эгерде релелик коргоо жакшы иштебей, ажыраткыч ток өткөрүп жиберсе, анда көмөк чордондо чоң авария болот.
Эски жабдуулар бат-баттан бузула баштаган жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 2014-жылы бөлүнгөн каражатка буу казандар курулду. Эски жабдуу учурунда калк көп учурда электр энергиясыз калчу. Электргаз өчүргүчүн орноткон соң электр жарыгы өчпөй калды жана схема дагы ишенимдүү.
Буга чейин Кара-Көлгө жылуулук электр энергиясы менен берилчү. Учурда бир эле электр өчүргүчүнүн баасы 3,4 млн сом турат. Жалпылап айтканда модернизациялоого 8,5 млн сом кетти.
2016-жылы 5 көмөк чордон кирген “Кара-Көл” көмөк чордонунда жабдуулардын бир бөлүгү алмаштырылган. Бул топко Абаспекова, Кара-Көл, Кара-Суу, Кайыңды жана Городок көмөк чордондору кирет.