Жалпы инвестициянын көлөмү 25 млн доллар болду.
Мейманкана Москва көчөсү менен Тынчтык проспектинин кесилишинде орун алмакчы жана анын жалпы аянты 10772 чарчы метрди түзөт.
Имаратты курууда «Accor» деп аталган француз компаниясы өнөктөш болууда.
М
аалымат үчүн:
Accor компаниясы –эл аралык мейманканалар жана ресторандар тармагын боюнча француз компаниясы 1967-жылы негизделген. Штаб квартирасы Париждин четиндеги Эври шаарында жайгашкан.
Accor Group дүйнө боюнча 4 миңге жакын отели бар. 500 миң ноиерлери бар отелдер төмөнкү бренддер менен иштешет:
Sofitel —люкс классындагы отель;
Pullman — жогорку класстагы отель;
Novotel — орто класстагы стандартташтырылган жогорку сегменттеги отель;
Adagio — апартотелдер (көпкө чейин жашоо үчүн комплекстер);
Mercure — орто класстагы отелдер;
Ibis — экономкласстагы стандартташтырылган отелдер;
Ibis Styles — экономкласстагы отелдер;
Ibis Budget и Formule 1 — стандартташтырылган бюджеттик отелдер;
Motel 6 — АКЩ жана Канадада стандартташтырылган бюджеттик отелдер.
Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы эл аралык стандарттагы мейманканаларды бир колдун манжасы менен эле санап койсок болот. Жаңы мейманканалардын курулушу өлкөдөгү кызмат көрсөтүүнүн гана өнүгүүсүнө эмес, туристтик тармакты дагы өнүктүрүүгө салым кошот.
Экономика министрлиги аймактарды кластердик өнүктүрүүнү пландап жатканын эске алсак, аймактарда дагы мындай мейманканалардын курулушу келчү күн да алыс эмес.
ЭКОНОМИКАга белгилүү болгондой, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жакынкы 3 жыл ичинде люкс классындагы мейманканалардын курулуш иштери башталмакчы.
Буюрса буга баарыбыз күбө болобуз.