Бул тууралуу текшерүү учурунда белгилүү болгон жана учурда иликтөө иштери жүрүүдө. КРнын кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 3-пункту боюнча кылмыш иши козголгон.
Соода борборун куруу боюнча ижара келишими түзүлгөн. Бирок 2014-жылы мэриянын жерлерди ижарага берүү бөлүмүнүн кызматкерлери бааны өзгөртүп, 2009-жылдан 2015-жылга чейин бизнес борбор катары ижара акысын алышкан.
Түшүнүктүү болуш үчүн маалымат берели. Соода борбору күн сайын аймагында соода жүрүүчү имарат болсо, бизнес борбору көп активдүүлүк байкалбаган ишкана болуп саналат.
Дал ушул сумма мамлекеттик казынага түшпөстөн сол чөнтөккө кирип кеткен.
Кызматкерлер кызматтык абалынан пайдаланышып, Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилигинин катышуусусуз жана комиссиянын чечимисиз эле жерди жеке компанияга ижарага беришкен.
2016-жылдын октябрь айында Юстиция министрлигинде соода борбору башка кишиге кайра катталган.
Эми мамлекетке келтирилген чыгымдарды ким төлөп берет деген суроо туулууда. Коррупциялык схемаларда кимдин катыштыгы бар жана мунун натыйжасы кандай болот? Мунун баары тергөөнүн натыйжасында белгилүү болот.
Бирок биз бул биринчи гана жолу болуп жатат деп эсептебейбиз жана жеңил акчалар мэриянын таза иштебеген кызматкерлеринин байып кетүү каалоосун ойготуп турарынан шек жок.