“Эркин соодалашуу аймагы боюнча келишим” тууралуу эки өлкө арасындагы протокол ратификация болгондон кийин 2011-жылдын күз айларынан баштап товар айлануу азыркы көлөмгө жеткен.
“Жаңы келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору колдоо табуусу керек”,- деп санайт депутат А.Артыков. Себеби Өзбекстандын жаңы шайланган президенти маселелерди чечүүдө жоопкерчиликтүү жана маселени кароо убактысын тездетет.
Чек ара жабык болгондуктан бул маселе мурун чечилбей келген. Экономика министри бул фактты айтты.
Өткөн жылдын акырында И.Каримовдун каза болгонунан соң жана жаңы президент Ш.Мирзиеев шайлагандан кийин коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле жакшыра баштаган.
Келишим тууралуу протоколду ратификациялоо мамлекеттер арасында пайдалуу өнүгүүгө түрткү болот деген пикирлер бар.