Ветеринардык лабораториялар үчүн бюджеттен кошумча 10 млн сом бөлүнүп, жабдуулар сатылып алынды.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция жакында презентация өткөрүп, жабдууну сатып алуу тууралуу айтып берди.
Мамлекеттик инспекциянын төрагасынын орун басары Ашырбек Жусупов билдиргендей, жол картасы боюнча 15 чек арадагы ветеринардык посттор жабдуулар менен камсыз болуп, жана Бишкек, Ош шаарларындагы лабораториялар сертификаттоодон өтүшкөн.
“Учурда Кыргызстан менен Казакстан чек арасынан өнүмдүн өтүүсү тууралуу көп маселелер пайда болууда. Бизди азыр 3 өлкө колдоду жана азыр бул багытта Казакстан менен иштеп жатабыз жана жакында бул маселе чечилерине ишенебиз”,-деди ал.
Ошондой эле тизмеге кирген ишканалардын санын көбөйтүү боюча иштер жүрүүдө.
Эске сала кетсек, 2-августтан тарта Кыргызстандын аймагында ЕАЭБдин техникалык регламенттери күчүнө кирет.
Вице-премьер министр О. Панкратов11-августка чейин Кыргызстандын техникалык регламенти боюнча документ алган ишкерлер 2 жыл бою ошол документ менен иштешсе болорун айтты.
Мамлекеттик инспекциянын маалыматына ылайык, ири мүйүздүү малды идентификациялоо Баткен, Талас, Нарын облустарында бүттү жана 1-июнга чейин башка облустарда бул ишти аяктоо пландалууда. Идентификация этап менен жүргүзүлүүдө.