Өзгөн шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш жаза кодексинин 315-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Мамлекеттик архитектуралык агенттигинин алдындагы Турак-жай жарандык курулуш департаменти бул жасалма документтерди карап чыгып, акчаны берип койгон. Бул каражаттар ӨКМнын аймактык бөлүмүнүн актысынын негизинде авариялык абалдагы үйлөрү курууга жумшалуусу керек эле.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми окурмандардай эле редакцияда дагы кызматкерлер кызмат абалынан пайдаланып дагы канча документтерди жасап жатышат болду экен деген суроо пайда болду.