КРнын Финансы министрлигинин расмий сайтында 2017-жылдын январь айынын акырына болгон мамлекеттик карыздар тууралуу маалымат жайгаштырылды.
2017-жылдын 31-январына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы (ички+сырткы) 4 млрд 100,5 млн АКШ долларын (283 млрд 483,05 млн сомду) түзөт, анын ичинен:
- 3 млрд 769,65 млн АКШ доллары (260 млрд 610,23 млн сом) мамлекеттик сырткы карыз;
- 330,85 млн АКШ доллары (22 млрд 872,82 млн сом ) мамлекеттик ички карыз.
Маалымат үчүн.
МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗ – өлкөнүн учурдагы жана өткөн мезгил боюнча топтолуп калган бюджеттик таңкыстыкты камсыздоо үчүн башка тараптан алынган каражаттар (аларга кошулган үстөк пайызды кошкондо). Башкача айтканда, буга чейинки таңкыстык менен азыркы чыгымдарды кошуп, андан бюджетке түшкөн ашыкча каражаттарды алып салгандан кийинки сумма мамлекеттик карыз болуп эсептелет. Өлкө карызынын көлөмү улуттук валюта же анын ордуна колдонулуп келген башка валюта менен өлчөнүп, . ички жана сырткы деп экиге бөлүнөт.
Эми карыздын мааниси тууралуу учкай кеп.
Эгерде сен өз капиталың жок туруп акча тапкың кесе, анда карыз аласың. Эгерде карызың бар болсо аны эртеби же кечпи беришиң керек. Эгерде карыз өтө көп болсо, аны бере албай каласың дагы, айрымдары система түзө баштайт.
Система деген эмне – сенден карыз алган каражатты башкалардан карыз алуу менен сага кайтарып беришет. Бул система карыз алуучуга ишеним болгон учурда жана экономика муну көтөрө алгыча иштей берет .
Кайтарып берүү тууралуу.
Бул жерде өзгөчө эч нерсе болбой эле экенин билгендер аз. Мисалы, АКШнын мамлекеттик карызы экинчи дүйнөлүк согуш учурунда ИДӨнүн 120%ын түгөн. Андан соң аз-аздан азайып отуруп 30 жылда ИДӨнүн 30%ына жеткен. Маселе АКШ карызын берип жатканда. Мамлекеттик карыздын экинчи жолу туу чокуга жеткени 2000-жылдары Афганистанда жана Иракта согуш болуп жатканда болгон.
Ошондуктан биздин мамлекет карыз ала берсе болот.