Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана атайын эсептердин каражаттарын эсепке албаганда, жалпы киреше планы 112,9 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы киреше көлөмү, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана атайын эсептердин каражаттарын кошпогондо, 1 млрд 639,2 млн сомго же 21,4 пайызга көбөйдү.
Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан отчёттук мезгилде 2 млрд 873,5 млн сом өлчөмүндөгү салыктар жана төлөмдөр же пландын 146,3 пайызы камсыз кылынды (ашыкча аткарылган сумма – 909,4 млн сом). Былтыркы жылдын ушул мезгилине карата түшүүлөрдүн өсүш темпи 172,8 пайызды түздү.
Булактардын түрлөрү боюнча алганда, бажы төлөмдөрү боюнча пландын аткарылышы төмөнкүдөй болду:
- Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларга кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча түшүүлөр 1 млрд 704,9 млн сомду түздү же план 185,2 пайызга аткарылды, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 2,2 эсе өстү;
- Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларга акциздик салык боюнча түшүүлөр 6,1 млн сомду же пландын 158,1 пайызын түздү, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктын түшүүлөрү 74,3 пайызга өстү;
- эл аралык соодага салыктар боюнча түшүүлөр 1 млрд 159,6 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүч 111,5 пайызга аткарылды (2017-жылдын тийиштүү фактысына карата өсүш темпи – 130,2 %), анын ичинде ЕАЭБдин алкагындагы ташып келүү бажы алымдары боюнча 1 млрд 33,2 млн сом (2017-жылдын тийиштүү фактысына карата өсүш темпи – 123 %) келип түштү.
Отчёттук мезгилде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 6 млрд 70,6 млн сом суммасында киреше чогултулуп, пландык көрсөткүч 102,4 пайызга аткарылды. Кумтөрдү эсепке албаганда, план 101 пайызга орундалды. Былтыркы жылга салыштырмалуу МСКнын кирешеси 6,8 пайызга же 384,3 млн сомго өстү. Кумтөрдү эсепке албаганда, түшүүлөр 12 пайызга же 543,4 млн сомго өстү.
Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын иш жүзүндө чогултулушу 634,5 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүч 97,6 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктын түшүүсү 4,4 пайызга же 26,9 млн сомго өстү.
Кыргыз Республикасынын резиденттери эмес жактардын кирешелерине салыктын түшүүсү 169,6 млн сомду же пландын 107 пайызын түздү. Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 14,6 млн сомго же 9,5 пайызга көбөйдү.
Патенттин негизинде салыктардын түшүүлөрү 196,6 млн сомду же пландын 102,5 пайызын түздү. Патенттин негизинде салыктын түшүүлөрүнүн өсүш темпи өткөн жылдын бирдей мезгилине карата 108,8 пайызды түздү.
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө КНСнын фактылык түшүүсү 1 млрд 84,8 млн сомду түздү же план 102,1 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу жыйымдар 13,2 пайызга же 126,1 млн сомго төмөндөдү.
Сатуудан алынуучу салык боюнча жыйымдар 348,1 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүч 103,6 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 6,9 пайызга жогорулады.
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана сатылуучу товарларга акциздик салык боюнча түшүүлөр 144,4 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүч 67,3 пайызга орундалды. Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу акциздик салык жыйымдары 23,1 пайызга өстү.
Салык органдары тарабынан жер казынасын пайдалангандык үчүн салык 106,2 млн сом суммасында чогултулду же план 147,7 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 3,2 пайызга жогорулады.
Каралган мезгилде мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү 1 млрд 349,6 млн сомду же пландын 100,1 пайызын түздү. Өткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу жыйымдар 303,3 млн сомго же 29 пайызга өстү. Түшүүлөрдүн өсүшү салыктык эмес кирешелердин дээрлик бардык топтору боюнча байкалды.