Москвада Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин эки тараптуу документтерге кол коюу аземи аяктагандан кийин басма сөзгө билдирүү жасашты.
“Орусиянын Кыргызстанга каржылык колдоосу дээрлик кайтарымсыз негизде көрсөтүлүп келе жатат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ийгиликтүү иштеп жатат. Анын уставдык капиталына Орусия 500 миллион доллар салган. Мындан тышкары Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында орус тарап жыл сайын 30 миллион доллар бөлүп келет. 2012-жылдан тарта мындай жардамдын суммасы 255 миллион долларды түздү. Кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө маанилүү салым катары мигранттардын которгон акчасын айтсак болот. Былтыр мындай которуулардын көлөмү 20 пайызга өсүп, 2 миллиард долларга жакындаган. Ал эми быйылкы жылдын биринчи кварталында которуулар дагы 60 пайызга жогорулады. Бизде кыргыз жарандарына жумушка орношууга, медициналык жана социалдык жардам алууга жеңилдик берген шарттар каралган, — деди Путин.
Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев эки тараптуу мамилени стратегиялык өнөктөштү баскычына чыгарууга мүмкүн болгонун билдирди.
Кыргызстандын карызы кечилип, сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүнө кубануу керек.
Карызды кечүү практикасы көптөн бери эле иштеп келет. Өкмөт баалуу кагаздарга талап көп болгон валютадагы карызды көп алат. Доллар, фунт, евро сыяктуу валютадагы облигацияларды чыгаруу натыйжалуу, себеби көптөгөн инвесторлор дал ушундай облигацияларга инвестиция салышат. АКШ, Германия, Италия, Франция сыяктуу өлкөлөр өзүнүн улуттук валютасында гана, айрым учурларда гана евро менен облигацияларды чыгарат.
ЭКОНОМИКА эми Улуттук банктан мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу маселеси боюнча маалымат алып берүүгө аракет кылат.