Европа биримдиги КРнын Өкмөтүнүн казынасына 10 миллион евро которду. Каражаттар жакынкы убакта түшөрү күтүлүүдө.
Бул каражат өкмөткө 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын жана 2016–2017-жылдарга иш-аракеттер планын ишке ашырууга көмөктөшө турган жалпы суммасы 36 миллион еврону түзгөн бюджеттик колдоо программасынын бир бөлүгү.
Мындан тышкары Европа Биримдиги бюджеттик колдоого кошумча иретинде Каржы министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук кеңешке саясат маселелери боюнча сунуштарды, техникалык жардамды берет жана алар үчүн окууларды өткөрөт.