• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. Кыргызстан ВИЧ жана туберкулез менен күрөшүүгө 23 млн. доллар бөлөт

????????????????????????????????????

👁 674

КРнын вице-премьер-министри Чолпон Султанкулованын төрагалыгы астында 11-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги отуруму өттү.

Отурумдун күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Глобалдык фонддон 2018–2020-жылдарга кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн гранттык каражат алуу боюнча өлкөлүк билдирмесин жактыруу боюнча маселе каралды.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова маселенин актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан үчүн жалпы суммасы 23,4 млн АКШ долларында бөлүнүп жаткан гранттык жардам ВИЧ инфекция жана кургак учук менен ооругандарды сапаттуу медициналык жардам жана заманбап дарылар менен дарылануусун камсыз кылат.

Белгиленген өлкөлүк билдирме 2017-жылдын ичинде жана Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңешке караштуу Билдирмелерди даярдоо, ресурстарды мобилизациялоо, ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү комитетинин гармонизациялоо секторунун мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан. Даярдалган билдирме кызыкчылыгы бар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык жана коммерциялык эмес мекемелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык сектордун катышуусунда жумушчу жана эксперттик аянтчаларда каралган.

Отурумдун жыйынтыгында 2018–2020-жылдарга СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонддон гранттык каражаттарды алуу боюнча Кыргыз Республикасынын өлкөлүк билдирмесин жактыруу боюнча чечим кабыл алынган.

Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин алдындагы ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү комитетине СПИД жана кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фондго аталган өлкөлүк билдирмени жөнөтүү тапшырмасы берилди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости