Бишкекте КРнын Экономика министри Артем Новиковдун жана Өзбекстандын тышкы соода боюнча министри Жамшид Ходжаевдин катышуусунда кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Ага эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү дагы катышышты.
Новиковдун айтымында, эки өлкөнүн ведомстволорунун жана бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуп туруусу жакшы салтка айланды. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар айлануу 2017-жылдын январь-ноябрь айларында 281,2 млн. долларды түзүп, 2016-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйгөн. Анын ичинен экспорт — 133,4 млн.долл. (өсүш 15,9%), импорт – 147,8 млн. долл. (өсүш 2,4 эсе).
Былтыркы жылдын декабрь айында эки өлкөнүн башчыларынын ортосунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртып, 2018-жылы товар айлануунун көлөмүн 250 млн. долларга, 2020-жылы 500 млн. долларга жеткирүү тууралуу сүйлөшүү болгон.