“Ирандан тартылган инвестициялардын көлөмү акыркы 5 жылда 3 млн доллардан ашкан, бирок биз келечекте бул көрсөткүч жогорулайт деп ишенебиз”,-деди Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигинин директору А. Орозбеков.
Ошондой эле ал эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык төмөнкү макулдашуулар менен бекемделгенин билдирди:
–2005-жылдын 16-сентябрында ратификациядан өткөн Кыргызстан менен Ирандын Өкмөттөрү ортосундагы кош салыктан баш тартуу жана кирешеге жана капиталга болгон салыкты жоюу келишими.
- 2002-жылдын 23-майында КРнын Мыйзамы аркылуу ратификацияланган Кыргызстан менен Ирандын Өкмөттөрү ортосундагы өз ара стимулдаштыруу жана инвестицияларды коргоо келишими.
Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн өлкө Өкмөтүнүн катышуусунда акыркы жылдары ишкердик жана инвестициялык климатка жакшы шарт түзүү үчүн бир катар экономикалык реформалар жүргүзүлдү:
- либералдык мыйзамдар түзүлдү;
- бизнеске болгон бюрократиялык басымдар кыскарды;
- мамлекеттин бизнеске аралашуусуна чек коюлду;
- ишкерлердин укугун коргоо механизмдери иштелип чыкты;
–салыктык жана бажы системасы жөнөкөйлөштүрүлдү.