• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. Компаниялардын биринин бюджетке төккөн каражаты 1 млрд сомдон ашты

hohma-super-kyimyiz-malyiy-biznes-torgovlya

👁 1,155

Кеп май куюучу жайлар тууралуу болууда. Учурда өлкөдө 687 май куюучу жайлар бар. Мындай маалыматты Мамэкотехинспекциянын адистери беришти.

“Кара алтынды” ташыган ири компаниялардын бири «Газпром Нефть Азия».

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2017-жылдын 4 айында Кыргызстанда 78 миң 472,3 тонна мотор майы чыгарылган, бул 2016-жылдын 4 айына салыштырмалуу 41 миң 14,1 тоннага көп. Дизель майын чыгаруу 20 миң 124,4 тоннанын түзгөн, былтыркы жылдын ушул маалында көрсөткүч 23 миң 588,1 тонна болгон. Ал эми быйыл 23 миң 35,3 тонна мазут өндүрүлсө, былтыр бул көрсөткүч 14 миң 799,3 тонна болчу.

2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча бюджетке акча төккөндөрдүн арасынан «Газпром Нефть Азия» компаниясы лидер болуп келет. Бул убакыт аралыгында компания бюджетке 1,2 млрд сом төккөн.

«Газпром нефть Азия» компаниясы Кыргызстандын рыногунда 2006-жылдан тарта иштеп келет. Компаниянын башкаруусунда 3 нефтебаза, 38 май куюучу комплекс, 1 суюлтулган газ базасы, 108 даана автопарк, 2 лаборатория жана 1 көчмө лаборатория бар.

Экинчи орунда «Альфа Ойл» компаниясы турат. Ал бюджетке772 млн 280 миң 81,11 сом төккөн. Компаниянын балансында 27 АЗС бар.

Үчүнчү оюнчу – бул «Шнос». Аталган компания бюджетке 249 млн 217миң 474,70 сом төккөн. «ШНОС» Кыргызстанда өз ишин 1998-жылы баштаган. Учурда жалпы 48 АЗСи бар.

«Накта-Ойл» компаниясы бюджетке 160 млн 80 миң 907,41 сом төгүп, 4-орунда. Компаниянын 3 АЗСи бар. Бул компания анча деле белгилүү эмес.

«Партнер-Нефть» ЖЧКсы болсо бюджетке 137 млн 946 миң 541,35 сом төгүп 5-орунда. Компания рынокко 2016-жылдын август айында кирген жана учурда 74 май куюучу жайы жана 5 нефтебазасы бар.

Көпчүлүк май куюучу жайлары Баткен облусунда – 130, Талас облусунда – 10. АЗСтери бар компаниялардын жалпы саны болгону 50.

Негизги кардарлар Бишкектегидей сезилгени менен АЗСтердин көпчүлүк “точкалары” түштүктүн чек ара аймактарында жайгашкан, ал жакта аткезчилик гүлдөп, май саткан чакан жайлар салык төлөшкөнү тууралуу маалымат жок.

Рейтинг Мамэкотехинспекциянын, Юстиция министрлигинин, Салык кызматынын жана Финансы министрлигинин алдындагы «Ачык бюджет» порталынын маалыматтары боюнча түзүлдү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости