Инвестияциялык насыя Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүгө багытталат.
Насыя 20 жылга берилип, анын биринчи 5 жылы жеңилдетилген негизде болот.
Курулуш иштерин жүргүзүп, керектүү жабдууларды алып, 120 МВт кубаттуулугу менен гидроагрегат орнотуу зарыл. Эффективдүү иштөө үчүн электр тогун өткөрүүчү линиялар жана башка элементтер дагы жакшы болушу шарт.
Нарын суусунун гидроагрегаттык потенциалы эффективдүү колдонулуп, Токтогул суу сактагычындагы ресурстар рационалдуу колдонула баштайт.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кыргызстандыктарды кызыктырган суроолордун бири.
Кышында электр энергиясынын жетпей жатканы абдан сезилип келет. Камбар-Атанын ишке кириши бул маселелерди чечүүгө жардам берет, дагы бир маанилүү нерсе Кыргызстан электр энергиясын коңшу өлкөлөргө экспорттой баштайт.