Ал белгилегендей, 2017-жылдын январь-сентябрь айларында ИДП көлөмү 335,0 млрд сомго жетип, реалдуу өсүү темпи 105,0 % болгон. 2016-жылдын январь-сентябрь айларында аталган көрсөткүч 101,5 % түзгөн эле. “Кумтөр” ишканасын кошпогондо реалдуу өсүш 3,6 % болгон.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын экономикалык өсүүсүнүн көрсөткүчү жогору болгон: Орусиянын экономикалык өсүүсү 2,2 %, Белорусияныкы –1,7 %, Казакстандыкы — 4,3 % болгон.
Экономикалык өсүү экономиканын бардык тармактарында өзгөчө өнөр жай секторунда жана айыл чарба тармагында реалдуу өсүү 0,8 %, курулушта – 5,2 %, өнөр жайда – 21,2 %, тейлөө тармагында – 0,8 % жогорулаган
Үстүбүздөгү жылдын 8 айында ЕАЭБ өлколөрү менен болгон соода көлөмү 13,7 % жогорулаган.
Ошондой эле министр 2017-жылдын январь–сентябрь айларында республика боюнча айыл чарба тармагынын өсүү темпи 100,8 % болгонун белгиледи.
Чарбалык субъекттердеги өнөр жай азыктары менен камсыз кылуусундагы реалдуу көлөмдөрдүн жогорулоосу бардык облустарда болгон. Бир гана Нарын облусу (99,8%) мурдагыдай эле көрсөткүчтө калган.
Аны менен катар эле иштебей турган ишканалар көйгөйү чечиле электиги белгилүү болду. 2017-жылдын январь-сентябрь айларында 46 ишкана иштебей турган, анын ичинде чийки заттын жетишсиздигинен улам токтоп калган Кадамжай сурьма заводу бар.
Курулуш тармагынын ИДПсы 5,2 % өскөн.
Инвестициялар боюнча бардык пландалган иштер аткарылууда, бирок курулуш иштеринде жетишпеген учурлар бар.
Кызмат көрсөтүү тармагындагы өсүш 100,8 % болду.
Кызмат көрсөтүү тармагына кыргыз-казак чек арасында пайда болгон абал дагы таасирин тийгизет.
Өкмөттүн 100 күндүк планын аткарууну камсыздоо зарыл.