Долбоор алкагында долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, Бишкек, Ош шаарларынын аймагында жана Бишкек-Ош жана Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолдорундагы, Бишкек – «Манас» Эл аралык аэропорту» трассасында «Акылдуу шаар» долбоорун эксплуатациялык-техникалык тейлөө, жабдууларды ташып келүү, куруу, интеграциялоо боюнча иштер келишимдин ажырагыс бөлүгү эсептелген техникалык милдеттерде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана көлөмдө аткарылат. Салынган инвестициялардын көлөмү болжолдуу түрдө 60 млн. АКШ долларын түзөт.
Долбоордун операторун ишке киргизүүнү жана эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү ишке ашыруучу Кыргыз Өкмөтү аныктайт. Мындан тышкары, өз ыйгарым укугунун чегинде ал «Huawei TechnologiesCo., Ltd» компаниясына жана инвесторго колдоо көрсөтөт.
«Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясы бардык жабдуулардын жана тейлөөлөрдүн жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык киберкоопсуздук талаптарына дал келүүсүн камсыздоосу тийиш.
Инвестициялык келишим алкагында инвестор долбоорду ишке ашыруунун толук наркын төлөп берүүгө милдеттенме алат. Инвестор иштерди аткаруу жана төлөө максатында жеке же займдык каражаттардын эсебинен долбоордун жалпы наркынын 100 пайызын каржылайт.
«Акылдуу шаар» долбоору биздин өлкө үчүн актуалдуу жана маанилүү. Ал жол коопсуздугу тармагындагы татаал абалды жокко чыгарып, жалпы жонунан биздин жарандардын коопсуздугун жогорулатат. Ошол эле учурда бул долбоорду ишке ашыруу татаал болуп жатат. Бирок биз бул кыйынчылыктарды жеңип жана инвесторлор менен биргеликте биздин жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол коопсуздугу жаатындагы коррупцияны жокко чыгаруу жана кылмыштардын бетин ачуу, мамлекеттик органдардын ишиндеги тазалыкты жана ачыктыкты жогорулатуу боюнча максатыбызга жетебиз деп ишенем», – деди Премьер-министр Сапар Исаков.
Ошондой эле Өкмөт башчы долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурду.
«Таза Коом» санариптик трансформациялоо жана 2040-жылга чейин Улуттук Өнүгүү стратегиясынын алкагында Кыргыз Өкмөтү тарабынан түз чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык тажрыйбаны изилдөө менен масштабдуу «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгилеп кетүү керек. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн премьер-министри С.Ж. Исаковдун Жол-транспорт кыймылынын интеллектуалдык маалыматтык системасын өнүктүрүү жана ишке ашыруу максатындагы 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 837 Буйругуна ылайык, потенциалдуу инвесторлор менен инвестициялык кызматташтык боюнча шарттарды талкуулоо үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Азыркы тапта жумушчу топ долбоорду укуктук, техникалык жана каржылык жаатта илгерилетүүгө тийиштүү консультацияларын жыйынтыктап, ошондой эле «HuaweiTechnologies Co., Ltd» жана «Beijing China Veterans Lingxin Capital Management» компаниялары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамынан алкагында инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу кеңеши берилген.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын августунда Премьер-министр Сапар Исаков жумушчу кеңешмеде «Акылдуу шаар» долбоорун Бишкек жана Ош шаарларына бирдиктүү стандартта кийрүү керектигин жана аталган долбоорду толук бойдон ишке ашыруу тапшырмасын берген. Өкмөт башчы белгиленген процедураларды өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышына өзгөчө көңүл буруп кетти. Аны менен катар ал аталган долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга кызыкдар чет элдик инвесторлор менен тыгыз иштөөнү кийрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.