КРнын делегациясын Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жетектеди. Германиянын делегациясын Германиянын экономика жана өнүктүрүү министрлигинин “Кытай: Борбордук Азия: Чыгыш Азия: Лаос жана Камбоджа” бөлүмүнүн жетекчиси Катрин Oeллepc жетектеди.
Бул каражаттын 19 млн евро каржылык кызматташтыкка, ал эми 21,1 млн евро техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет.
Мындан сырткары “жашыл экономика” тармагында дагы кызматташтыкты активдештирүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Бул тармакта энергетиканы жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу, жаратылыш ресурстарын жана биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча кызматташтык күчөтүлмөкчү.
Жетишилген ийгиликтерди эске алганда “Туруктуу экономикалык өнүгүү” жана “Саламаттыкты сактоо” тармактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бөлүү керектиги айтылды.