• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. ЕБ КРнын билим берүү тармагын колдоого 10 млн евро бөлдү

????????????????????????????????????

👁 553

КРнын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине 2017-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү сектору үчүн Европа Биримдигинин бюджеттик колдоосунун алкагында 10 млн евро өлчөмүндө гранттык каражаттар келип түштү.

Бул – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын жана 2016–2017-жылдарга иш-аракеттер планын ишке ашырууга көмөктөшө турган жалпы суммасы 36 млн еврону түзгөн бюджеттик колдоо программасынын бир бөлүгү.

Программанын максаты — жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын реформалоого, билим берүүнүн жана педагогикалык стандарттардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик финансыларды башкарууну жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат.

Андан тышкары, бул гранттык каражаттар окуу китептерин сатып алууга, мектепке чейинки билим берүү системасын каржылоого жана бардык мектептерде интернетти орнотууга жумшалат.

Ошондой эле, Европа Биримдиги бюджеттик колдоого кошумча иретинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук кеңешке саясат маселелери боюнча сунуштарды, техникалык жардамды берет жана алар үчүн тренингдерди өткөрөт.

Европа Биримдиги ушул кезде Кыргыз Өкмөтү менен 2018-жылга пландалган 10 млн евро өлчөмүндөгү үчүнчү транштын алкагында натыйжага багытталган индикаторлорду талкуулоодо. Бул реформалар жана тийиштүү индикаторлор 2016–2017-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын иш-аракеттер планында белгиленген.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости