“Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүүсү 2016-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 11,6%га өскөн. Товарларды экспорттоо көлөмү 32,2%, ал эми импорт 5,8% жогорулаган”,-деди ал.
Жыл башынан бери Швейцарияга алтынды экспорттоо 436 млн$ болгонун Улуттук статистикалык комитетин соода боюнча статистика башкармалыгынын жетекчиси Венера Мамбеталиева билдирди.
“Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстандын тышкы соода айлануусунун көлөмү 4 млрд 424,4 млн$ болгон. Кендерди экспорттун көлөмү 15,8% жогорулаган, ал эми баалуу металлдар концентратын экспорттоо 27,5% жогорулаган. Алтын иштетилбеген же жарым жартылай иштетилген жана порошок түрүндө экспорттолот”,-деди Мамбеталиева.