31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкек ЖЭБиндеги авария тууралуу маалымат угушту. Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү стратегиялык мекемедеги абал үчүн ЖЭБдин жетекчилери жоопкерчилик алышы керектигин билдиришти.
Ошондой эле ЖЭБди модернизациялоонун сапаты жана 386 млн доллар насыянын максаттуу пайдаланылганы тууралуу маселелер көтөрүлдү.
Депутат Дастан Бекешев энергосистемасындагы кадр саясаты боюнча маселе көтөрүп, ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгү эмнеге өз убагында ишке кирбегенине кызыкты.
Депутат Талант Мамытов болсо бул күндөрү авариядан жабыр тарткан шаар тургундары келишимде көрсөтүлгөн көлөмдөгү жылуулукту албай калганын, алар сотко берсе, ЖЭБ банкротко учурай турганын билдирди. Ошондон улам, ал өкмөт мүчөлөрүн азыртадан шаар тургундарына келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө чакырды. Ал эми эл өкүлү Курманкул Зулушев кылмыш иши кайсы беренелер боюнча козголгонуна кызыкты. Башкы прокуратуранын өкүлү кылмыш иши “Шалаакылык” беренеси менен козголгонун билдирди. “Кылмыш ишин “Коррупция” беренеси боюнча козгош керек”,-деди Зулушев.
Депутат Акылбек Жапаров энерготармакта системалуу чечимдерди кабыл алуу керектигин белгиледи. Депутат Төрөбай Зулпукаров болсо КРнын Эсеп палатасы буга чейин эле энергосистемада коррупциялык иштер бар экендиги тууралуу маалымат бергенин эске салды.
“Тажикстанда 600 мВт кубаттуулуктагы ЖЭБди 341 млн долларга курушуптур. Кыргызстанда болсо ЖЭБди модернизациялоого эле 386 млн доллар коротуп жатышат. Эмнеге мындай айырмачылык чыгууда?”-деди Зулпукаров..
Премьер-министр бул боюнча маалыматты тактап, эл өкүлүнө маалымат берерин билдирди.
Депутат Иса Өмүркулов технологиялык жана уюштуруучулук боюнча чечилбеген маселелер ЖЭБдеги аварияга алып келгенин билдирип, жетекчилик тараптан тиешелүү чаралар көрүлбөгөнүн кошумчалады.