Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев 2018-жылдын 16-январында Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Сирил Мюллер менен жолугушту.
Жолугушууда министр А.Касымалиев Дүйнөлүк банктын делегациясы менен саламдашып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз сөзүндө ал өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана 2017-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышына токтолду.
«2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүшү 4,5% деңгээлинде болду, ИДПнын номиналдык көлөмү 493,3 млрд. сом өлчөмүндө белгиленүүдө, өсүш темптери экономиканын бардык тармактарында байкалууда. 2017-жылы республикалык бюджет 2016-жылга салыштырмалуу жакшы аткарылды. Эгерде 2016-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 95%га, бюджеттин чыгаша бөлүгү 94%га аткарылган болсо, 2017-жылы бюджеттин ресурстук бөлүгү 97,7% деңгээлинде, бюджеттин чыгаша бөлүгү 96,5% деңгээлинде болду. 2017-жылдын бюджетинин кирешелери 2016-жылга салыштырмалуу 19 млрд. сомго, чыгашалары 8,6 млрд. сомго көбөйдү», – деп билдирди А.Касымалиев.
Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Дүйнөлүк банк тарабынан берилген жардамдын көлөмү 1,5 млрд. АКШ долларынан көп. Баардык каражаттар транспорт, энергетика, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, социалдык коргоо сыяктуу секторлорду өнүктүрүүгө багытталган.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын финансы министринин айтымында, өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоо да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
«Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018–2023-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча программасынын долбоору иштелип чыгууда, сүт продукциялары, кайра иштетилген жашылча-жемиш, кийим тигүү тармагы, ошондой эле жалпысынан экспортко түрткү берүү жана ишкерлер үчүн каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгү негизги секторлор болуп саналат. Ушуга байланыштуу, Дүйнөлүк банк бул долбоорду эффективдүү ишке ашырууга көмөктөшөт деген үмүттөбүз», – деп белгиледи А.Касымалиев.
Мындан сырткары, Касымалиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги башка министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте 2018–2022-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы өнөктөштүк боюнча стратегиянын жаңы долбоорун иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер бул алкактык стратегия өлкөнүн экономикасын комплекстүү даярдалган изилдөөсүнүн натыйжаларына, атап айтканда, жардамды жана колдоону максаттуу так көрсөтүүгө таянат деп жооп узатты. Ал ошондой эле бул багытта биргеликте жемиштүү иш алып барууга үмүт артып жаткандыгын билдирди. С. Мюллер көрсөтүлгөн мезгилде Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн экономиканын дал ушул тармактарына көңүл бурууга жардамдашууга даяр экендигин билдирди.