Кошумча өндүрүштүк кубаттуулуктар 2017-жылы кызылчаны кайра иштетүүгө керек. Быйылкы жылы жыйналган түшүмдүн көлөмү заводдор тарабынан иштетилген эмес жана алар өздөрүнүн зыянына кызылчаны кошуна Казакстанга экспорттоого мажбур болушууда.
ЭКОНОМИКА эреже боюнча фермерлер менен жазында эле келишим түзүлүп, завод продукциянын баардык көлөмүнө акча төлөп берерин аныктады. Быйылкы жылы жыйналган түшүм чектен ашып кеткен. Келерки жылы кызылчачылар 17 миң гектарга кызылча эгүүнү пландаштырышууда, бул өткөн жылга салыштырганда 6 миң тоннага көп.
Завод иштеп жаткан кооперативдер жана жамааттар менен келишим түзөт, бирок аларда кызылча менен алектенген кайрадан пайда болгон фермердик чарбалар тууралуу маалымат жок, андыктан жазында кант заводдору менен келишим түзүүгө кезек жаралып, заводдорду инвестициялоо маселеси кайрадан пайда болушу мүмкүн.