Аталган ЖЧК энергоресурстарды туура бөлүштүрбөй, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча кабыл алынган милдетин аткарган жок.
Анын кесепетинен Жыргалаңдын жашоочулары «Биймэк» ЖЧКнын ишмердүүлүгүнө каршы болушту жана Өкмөткө «Чыгышэлектрге» «Биймэктин» балансында турган инженердик инфраструктураны жана энергобалансты бөлүштүрүү укугун өткөрүп берүүнү сунуш кылышты.
«Биймэк» компаниясынын өз ишине туура эмес жана адистешпеген мамилесинен улам Жыргалаңда электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү милдети аткарылган жок, азыркы суукта анын кесепетинен адамдар жылуулук менен электр жарыгы жок отурушууда.