• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. Автоматташтырууга 20 миллион сом

doroga-na-karakeche-1

👁 589

Кусейин Көлбаев атындагы тоннель аркылуу өтүүчү түндүк-түштүк стратегиялык жолу баардык кыргызстандыктарга тааныш эмеспи. Бул жол аркылуу жүрүү үчүн Сосновка пунктунан ар бир айдоочу унаасынын көлөмүнө жараша акча төлөйт.

Бүгүн адамдык фактор маселеси курч турууда. Төлөө пунктунда акчаны адамдар алгандыктан алынган каражаттарын баары эле бюджетке түшө бербейт. Бул жерде да өз киши деген түшүнүк жашайт. Ошондуктан күнүнө бул жерден канча унаа өтөрү, алардын канчасы тиешелүү акчаны төлөрү белгисиз.

Эми Төө-Ашуудагы тоннель жана Кара-Көл аркылуу өтүү үчүн Сосновка пунктунда жана Кара-Көл шаарында каражаттарды автоматтык түрдө кабыл алуучу долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Бул долбоордун долбоордук-сметалык документин иштеп чыгуу үчүн жеңүүчү белгилүү болду. Долбоордук-сметалык документтер даяр болгондо жабдууларды сатып алууга тендер өткөрүлөт. Жабдууну, программалык камсыздоону жана автоматтык системаны киргизүү үчүн болжол менен 20 млн сом керек. Так суммасы документтер даяр болгондо билинет”,-деп жазылат маалыматта.

Төлөмдү кабыл алуу системасы автоматташтырылгандан кийин накталай акчанын ордуна карточка системасы ишке кирет, бул учурда жеңилдиктерге туш болгондор жок болот, учурда андай унаалардын саны күнүнө 300–400гө жакын. КРнын өкмөтүнө тарифтерди жогорулатуу боюнча жана унаалардын категориясын азайтуу тууралуу токтом долбоору киргизилди.

“Учурда тоннелдерди тейлөө жана унаалардан каражат чогултуу үчүн 153 адам иштейт. Долбоор ишке кирсе Сосновка жана Кара-Көл пункттарында иштегендердин саны азаят. Кассалык аппараттарды жана жабдууларды тейлеген гана кызматкерлер калат”,-деп билдиришти Транспорт министрлигинен.

Биз бул тура чечим деп ойлойбуз. Жолду камсыз кылуу үчүн кассирлер эмес тажрыйбалуу техникалык персонал керек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости